“Адам жаны – аманат”. Муфтият рейд жасады (видео)

2196

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы дал ушундай аталыштагы бир жумалык иш-чара уюштурууда. Анда дин кызматкерлери айдочулар, өзгөчө такси кызматында иштегендер менен жолугушуу өткөрүп, аларга адамдын өмүрү кымбат экендигин айтып, жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, шарияттагы айдоочунун орду жөнүндө жума хутбаларын даярдоо тапшырмасын берди. Расмий статистика боюнча, акыркы 9 ай ичинде эле жол кырсыктарынан улам 600гө жакын адам каза болгон.