Аксыдагы уулануунун чыныгы себеби эмнеде? (видео)

3293

Аксыда уулануудан каза болгондор мөөнөтү өтүп кеткен спиртти сууга аралаштырып ичкен болушу мүмкүн. Бул түрдүү божомолдору менен жергиликтүү тургундар бөлүшүүдө. Айтымдарында, мындай арзан баадагы алкоголь ичимдиктери Кара-Суу айылындагы дарыканалардын биринде сатылууда.

Андыктан каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулары бар экен. Бүгүнкү күнү уулануудан 13 адам ооруканада дарыланууда. Ал эми 6 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Массалык уулануу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.