Жаңылыктар​ / 05.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1579

Президент Садыр Жапаров судьяларды таза жана акыйкат иштөөгө чакырды. Мамлекет башчы менен жолугушууга өлкөнүн 400дөн ашуун судьясы келди.

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Ишкер өлкө бюджетине 50,5 миллион сомдой төктү. Дагы 50 миллион сом карыз.

Аксыдагы массалык уулануудан улам дагы 10 адам ооруканага жаткырылды. Жергиликтүү тургундар көп кишинин өлүмүнө дарыканада сатылган мөөнөтү өтүп кеткен спирт себеп болду деп жатышат.

Финансы полициясы жоюлду. Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынын функциясын кайсы мекеме аткарат? Андагы кызматкерлер кыскартылабы?