Жаңылыктар / 23.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

784

Кыргызстандын аталышын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүү сунушталды. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча кеңешменин жыйынында көтөрүлгөн демилгелер талаш-тартыштар менен коштолду.

Чүйдө 6 жаштагы баланы мыкаачылык менен сабаган өгөй ата камакка алынды. Жабырлануучунун апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып берери айтылууда.

Капчыгайда бакта асылган бойдон табылган 19 жаштагы жаранды зөөкүрлүк менен өлтүргөндөр кармала элек. Буга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси болушу мүмкүнбү?

Кылмышка шектелип камакка алынган 2 жетекчи кызматынан четтетилген эмес. Социалдык фонддун төрагасы менен башкы ветеринардын милдетин кимдер аткарып жатат?