Транспорт министрлиги: Жол оңдоо жана тейлөөгө каралган каражат кыскартылды

5490

Пандемияга байланыштуу быйыл жол оңдоо жана тейлөөгө каралган каражат кыскартылды. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, быйыл жол оңдоо жана тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 млрд 875 млн сом каралган.

Пандемияга байланыштуу Жол чарба департаментине каралган каражат 570 млн сомго чейин кыскартылды. Атап айтканда, баштапкы каралган бюджеттин 28%ы калды. Каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине ылайык жол инфраструктурасын каржылоо үчүн (капиалдык салымдар) 750 млн сом каралган. Райондук борборлорго асфальт төшөөгө 500 млн сом каралган. Быйыл 151 чакырым жолдо иш жүргүзүлөт. Ошентип быйылкы жылы Жол чарба департментинин жалпы бюджети 1 млрд 320 млн сомду түздү, — деди транспорт жана жолдор министринин орун басары.