Бишкек шаарында өткөрмө уруксат кагаздары электрондук түрдө берилет

2751

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими учурунда уруксат берилген мекеме менен уюмдардын унааларына электрондук уруксат кагазын алуу онлайн системасы иштей баштады. Бул документ коменданттык саат күчүнө кирген учурда көчөдө жүрүүгө жол ачат. Ал эми өткөрмөлөрдү кагаз түрүндө берүү токтотулду.

Арыз берүү үчүн максат жана убакыт-сааты көрсөтүлгөн документтерди тиркеп, талап кылынган электрондук форманы толтуруу керек. Эгерде унаада айдоочудан тышкары кошумча жүргүнчүсү менен жүрүү талап кылынса, ошол адамдын дагы маалыматтарын жүктөө керек.

Арыздар 24 сааттын ичинде каралып, жообу берилет. Онлайн система https://1312.tunduk.kg/  шилтемеси боюнча иштейт.