Сабырбек Жумабеков: Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калды

8517

Ырчы, алып баруучу Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Спутник агенттигине билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек. “Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Эске сала кетсек, 26-июнда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган. Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.