Түндүктөн түшкөндөр көбөйдү (видео)

2333

Өлкөдө уурулук көбөйүп жатат. Жыл башынан бери кылмыштын бул түрү боюнча 9,5 миңдей факты катталып, анын 5 миңге жакынынын гана бети ачылган. Анын 61 пайызы Чүй областында жана Бишкек шаарында катталган. Бир жума мурда ордо калаадагы Рухий Мурас конушундагы үйлөрдүн бирине кирип карактаган топ колго түшүрүлдү.

Шектүү делген 3 жарандын баардыгы буга чейин дагы уурулукка баргандыгын мойнуна алган. Ошондой эле Чүй областындагы дагы мурда соттолгон 22 жаштагы жаран кармалды. Ал Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен 235 миң сомго бааланган алтын жасалгаларды уурдаган деп шектелүүдө.