Жаңылыктар / 18.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

778

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 30 пайызына кылмыш иши козголушу мүмкүнбү? Жакын арада дагы 2-3 эл өкүлү кармала турганы айтылууда.

Улуттук статистика комитети бир айга 5358 сом жетет деп эсептейт. Баалар асмандаган чакта бул канчалык реалдуу? Ал арада депутаттардын маянасын ушул суммага теңдөө сунушу айтылды. Бирок колдоо таппай жатат.

Жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылып, шаардыктарды көчөдө калтырган айдоочулар лицензиясынан ажыратылат. Ошол эле убакта калаа мэри май айына чейин тариф маселеси чечиле турганын убадалады.

Бишкек шаарындагы 97 мектептин иши кайрадан жанданды. Азырынча 1-5-9-11-класстын окуучулары гана билим берүү мекемелерине бара алышат.