Чек арадагы жаңжал — атайын уюштурулган чагымчылдыкпы? (видео)

2153

Тажик бийлиги өз элин өлкөсүндөгү көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн чек арада атайын чагымчылдыкка барууда. Мындай пикирин Тажикстандын жарандары айтып чыгышты. 1999-2000-жылдары Баткен окуясына катышкан кыргызстандык ардагерлер дагы буга үндөш билдирүү жасашты.

Алардын пикиринде тажик тарап чек ара маселесин чечүүдө агресивдүү баскынчылык саясатын жүргүзүүдө. Коңшу өлкөнүн бийлиги тынчтык орнотууга эмес, Баткендин жер, суу, кен-байлыктарын тартып алууга кызыктар болууда.