НТС

Жаңылыктар / 24.12.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар бар. Камакта дарыланып жаткан «Ата Мекендин» лидери бир катар билдирүүлөрдү жасады.

Дөңгөлөккө атылган ок жөө жүргүнчүгө тийди. Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочу инспектордун 2 жолку эскертүүсүнө баш ийбей койгон.

Ооруканага балдарын алып келген ата-энелер дарыгерлердин кайдыгерлигине нараазы. Бейтаптарды кабыл алуудан баш тарткан медиктер жазаланабы?

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган бөбөктүн таежеси аны сабаганын мойнуна алууда.