НТС

Жаңылыктар / 25.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Кыргызстанда таза сууга болгон тариф көтөрүлүшү мүмкүн. Тиешелүү мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, бул аракет тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Транспорт жана жолдор министрлигиндеги финансылык мыйзам бузууларга ким жол берген? Эсептөө палатасы Башкы прокуратурага кайрылды, министрлик болсо мындай айыптоолорду четке кагууда.

Өлкөдө административдик жана аймактык реформа жүргүзүп, айрым райондорду ирилештирүү зарылбы? Жогорку Кеңеште жер-жерлердеги айрым кызматтарды жоюу сунушу айтыла баштады.

Алдыда күтүлүп жаткан суук аба-ырайына байланыштуу мектеп окуучулары 5 күнгө таратылды. Активисттер болсо, үшүгөн адамдарга жардам берүү максатында атайын акцияларды демилгелеп жатышат.