Араванда дыйкандар быйылкы түшүмдөрүн базарга алып чыга баштады

6220

Ош облусунун Араван районунун дыйкандары быйылкы түшүмдөрүн базарларга алып чыгып, сата баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, сарымсак (чеснок) менен көк пияздын алгачкы түшүмдөрү алынган. Жергиликтүү базарларда алардын бир боосу 10-15 сомдон сатылып жатат. 1-апрелден баштап Ош жана Бишкек шаарларынын базарларына алып чыгуу пландалууда

Адистердин эсеби боюнча майдын ортолорунда картошканын алгачкы түшүмү базарларда сатыла баштайт. Ал эми былтыр август-сентябрь айларында тигилген пияздын түшүмү май айынан тарта сатыкка чыгарылат, — деп билдиришти министрликтен.

Быйылкы жылы Араван району боюнча 1 миң 650 гектар жерге эрте бышкан картошка отургузулуп, 90 гектарга күздүк пияз жана сарымсак тигилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.