Паспорт мафиясынын кесепетинен Улуттук коопсуздукка коркунуч жаралып, өлкө миллиарддаган сомго чыгым тартууда. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов тармактагы көйгөйдү соцтармак аркылуу ачык айтып, журналисттер менен укук коргоо органдарына кайрылды.
Убагында Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип чыкты.
Нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ал арада, селден улам Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолу жабылып, Алайлыктар область борборуна өтө албай калышты.
Кызматтык унаалардын катышуусундагы кырсыктар көбөйүүдө. Анын дээрлик көпчүлүгүндө айдоочулардын жол бошотпой тоскоолдук жаратканы себеп болууда. Кечээ эле өрт өчүрүүчү машина аласалып кетти.