Жаңылыктар / 22.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

966

Садыр Жапаровдун инаугурациясында Бишкектин көчөлөрү жабылбайт. Жаңы шайланган президент шаан-шөкөттүү салтанаттан баш тартканын билдирди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча 14 кылмыш иши козголду. Илдеттен көз жумгандардын чыныгы саны 6000ден ашарын мекемелер аралык комиссия эсептеп чыккан.

Өкмөттүн курамы канча пайызга өзгөрөт? Кайсы министрлер кетирген кемчилиги үчүн аткаруу бийлигинен айдалышы мүмкүн?

Таштанды иштетүү заводун курууга бөлүнгөн каражаттын тең жарымы кайда сарпталганы белгисиз. Чакан имаратты салууга эле 33 миллион сом коротулуптур. Заводдун пайдубалынан дагы дайын жок.