Жол кире май айынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн (видео)

1070

Жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен жумушка чыкпай койгон маршруттук таксинин айдоочулары лицензиясынан ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Бүгүн таң эрте эл ташууга кичи бустун айдоочуларынын 60 пайызы гана чыккан. Мунун кесепетинен шаардыктар сааттап коомдук унаа күтүүгө аргасыз болушту.

Ошол эле убакта калаа бийлиги айдоочулардын талабын аткарууга даяр болуп калгандай. Анткени май айына чейин тариф маселеси чечилерин мэр өзү убадалады. Эгер жол кире 15 сомго чыкса, шаардыктардын чөнтөгү көтөрө алабы?