Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат мыйзамсыз берилгенби? (видео)

2124

Борбордук шайлоо комиссиясы соттун депутат Өмүрбек Текебаев боюнча чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат. Бишкектин административдик соту эл өкүлүнө мандат берүү мыйзамсыз болгон деген чечим кабыл алган. Соттук мекеменин тараткан түшүндүрмөсүнө ылайык, Текебаевге мандат кезексиз берилип калгандыктан, конституциялык мыйзамдар бузулган.

Бирок Боршайкомдун өкүлдөрү парламентарийге мандат бардык мыйзамдык талаптарды сактоо менен берилгенин белгилешүүдө. Депутаттын макамы жөнүндө мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат кайтарылышы керек.