Жаңылыктар / 12.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1160

Бишкектеги тез татым түйүндөрүнүн 90 пайызы талаптарга жооп бербейт. Өрт коопсуздугуна байланыштуу текшерүү жүрдү.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Анын унаасын киши колдуу болгон ишкер Саймаити айдап жүргөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Жерүйдө алтын казуу башталды. Кендин иштеши менен жылына өлкө бюджетине 2 млрд. сом каражат түшө баштайт. Казылып алынган алтын Кыргызстандан сыртка чыкпайт.

Кыргызстан көп векторлуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Быйыл Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл болду.