Сузакта каза болгон бөбөктүн денесинде көк ала тактар болгон

1007

Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы берген маалымат боюнча, окуя мындан 27-январда катталган. Ал күнү Октябрь айылындагы ооруканага бөбөктүн сөөгү жеткирилген. Анын денесинде көк ала тактар болгон.

Бул факты боюнча «денесине оор залака келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө органдары тарабынан наристени багып жүргөн аял суракка алынган. Ал мындан тышкары дагы 2 бөбөктү карап жүргөндүктөн бөгөт чарасы тандала элек.

Милициядан кабарлашкандай, баланын энеси былтыр каза болуп калган. Ал эми атасы Россияга иштегени кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.