Жаңы президенттин инаугурациясы качан болот? (видео)

1575

10-январда өткөрүлгөн президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы кийинки жуманын ортолорунда чыгышы мүмкүн. Мындай божомолдору менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов болушту. 3 күн ичинде аймактык шайлоо тилкелеринен келген протоколдор кабыл алынып, добуш берүүнүн жыйынтыгы БШКнын талкуусуна чыгарылат.

Эгерде кабыл алынган чечим боюнча кайсы бир тараптар менен соттошуулар башталбаса, анда жаңы мамлекет башчынын инаугурациясынын датасы белгилениши шарт. Ал эми иш-чара кайсы жерде өткөрүлө турганын уюштуруу комитети чечет.