Жаңылыктар / 15.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1029

Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы качан чыгарылат? Анын менен катар эле жаңы мамлекет башчынын инаугурациясынын датасынын белгилениши күтүлүүдө.

Тарыхка кара тамга менен жазылып калган Дача СУ трагедиясы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип жатабы? Айрым активисттер авиакырсык боюнча жаңы жагдайларды айтып чыгышууда.

Март айынын башында өлкөдө коронавирустун 3-толкуну эң жогорку чекке жетиши күтүлүүдө. Ал эми өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссия ишин узартты. Себеби иш жүзүндөгү сандар менен штаб берген маалыматтын айырмасы асман менен жер болуп жатыптыр.

Ызы-чуу менен коштолгон кадрдык дайындоо. Маданият министрлиги Самара Каримованы музыкалык окуу жайынын директорлук ордун кайтарып берген соттун чечимин экинчи инстанцияга арыздана турган болду. Ырчы окуу жайга милиция менен барды.