Самара Каримова эмнеге милиция чакыртканга аргасыз болду? (видео)

2044

Ызы-чуу менен коштолгон кадрдык дайындоо. Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты жаңы дайындалган директор Самара Каримованы бүгүн дагы кабыл албай койду. Тараптардын ортосундагы кайым айтышуулар уланып отуруп, ортого тартип сакчылары аралашканга да туура келди.

Ал арада Маданият министрлиги райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко доо арыз менен кайрыла турганы белгилүү болду. Бул көрүнүш боюнча кайра эле коомчулуктун пикири экиге бөлүндү. Бир тарабы Каримовага мүмкүнчүлүк бериши керек дешсе, экинчи жагы ырчынын тиешелүү билими жок экенин айтып чыгууда.