Күч түзүмдөрүнүн кылтагына дагы кайсы депутаттар илинет? (видео)

1189

Жакын арада дагы 2-3 депутат кармалышы ыктымал. Мындай маалыматты айрым сайттар күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып жазып чыгышууда. Кээ бир эл өкүлдөрүнүн мал-мүлкүн көрсөткөн декларациясында чоң айырмачылык чыгып жатыптыр.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бардык аткаминерлердин, депутаттардын декларациялары кылдат текшериле турганын билдирген болчу. Эки күн мурда Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарында кармалып, учак менен Бишкекке жеткирилген. Ал коррупцияга шектелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кылтагына дагы кайсы депутаттар илингени калды?