Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктоого айыптуу өмүр бою абакка кесилди

11608

Ноокен райондук соту 10 жаштагы кызды зордуктаган 20 жаштагы кишини өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратты. Соттун өкүмү 16-июлда чыкканын облустук соттон “Азаттыкка” маалымдашты.

Милициянын маалыматына ылайык, ушул жылдын 28-январында жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген. Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери да табылган.

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын жактоочулары облустук сотко даттана турганын айтышты.