Суу азаюуда: Токтогул ГЭСинин ишин токтотууга туура келеби? (видео)

1181

Алдыңкы 2 жылда электр энергиясы тартыш болуп, маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Токтогул гидроэлектрстанциясында суунун көлөмү кескин азайып, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучу жаралды. Тактап айтканда, көрсөткүч кийинки жылы 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, ири обьектти токтотуу зарылдыгы келип чыгары да белгиленүүдө.

Ал арада «Улуттук Энергохолдинг» калкты үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуунун жолдорун сунуштап жатышыптыр. Алар сырттан импортоо жана Бишкек ТЭЦинде өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн көбөйтүү.