Президенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 137 миллион сом талап кылынат

2337

10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу БШК кабарлап, бул сумманы бекитүү тууралуу чечим кабыл алынганын жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу эң зарыл гана керектөөлөр киргенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул акча 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдө ачылган 45 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууга, биометрикалык жабдыктарды, компьютердик техниканы, автоматтык урналарды, бюллетендерди жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарга жумшалат.

Участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 миң 150, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 650 адамды түзөт. Операторлор 1987, техникалык колдоо тобу 600 адам.

Бекитилген суммага бул кызматкерлерден тышкары эки миңге жакын идентификация операторунун жана 4,5 миңдей милиция кызматкеринин шайлоо күнкү тамактануусуна каралган акча да кирет.