ИИМ: Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

3156

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт.

“2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматта ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат.

Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, жүздөн ашуун адам жараат алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.