Азиз балдардын жатак мектебине 80 жыл (видео)

8658

Дүйнөнү жүрөгү менен таанып көргөндөр. Бишкек шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдардын жатак мектеби 80 жылдыгын белгиледи. Окуу жай бул убакыт аралыгында 2 миңден ашуун бүтүрүүчүсүн уядан учурган.

Арасында көпчүлүккө таанымал таланттуу инсандар арбын. Алардын айрымдары учурган уясына барып, окуучулук күндөрүн эскерип отурушту. Ал эми бул мектепте учурда билим алып жаткан окуучулардын алдына койгон максаттары чоң.