«Тил билги» автордук жогорку мектеби (видео)

2584

Кыргыз тилин үйрөнүү эч качан кеч эмес! Филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча борбор ачты.

Өзгөчө ыкма менен окуткан агартуучунун айтымында, өлкөдө эне тилинде жакшы сүйлөй албаган же болбосо жетиштүү деңгээлде билбегендер арбын. Кыргызстандыктарга туура сүйлөп, катасыз жазганды үйрөтүү максатында «Тил билги» автордук мектеби түзүлгөн.