Мэрия элдин эмес, 39 фирманын кызыкчылыгын көздөйбү? (видео)

1231

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сом болгону калды. Мэр Балбак Түлөбаев айдоочулардын талабын аткарууга макулдугун бергенин, эми бул сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлөрүн билдирди. Кечээтен бери борбор калаада 400дөй бусиктин айдоочулары жол акысын кымбаттатууну талап кылып жумушка чыгышкан жок. Алардын иш ташташынан калаа тургундары көчөдө сааттап турушту.

Буга чейин каттамга чыкпай койгон айдоочулардын лицензиясы артка чакыртып алынаары айтылган. Бирок калаа бийлиги эмнегедир ал оюнан кайтып, айдоочулардын сөзүн сүйлөп калыптыр. Эмне үчүн мэрия Бишкектиктердин эмес, маршруттук линиядагы 39 фирманын кызыкчылыгын коргоп жатат? Бусиктерге болгон көз карандылык качан жоюлуп, борбор калаа качан автобус, троллейбустар менен толук камсыздалат?