Садыр Жапаровдун инаугурациясы кандай өткөнү жатат? (видео)

2148

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Ал үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ага 16 мекеменин жетекчилери киришти.

Иш-чараны уюштурууга республикалык бюджеттен жалпысынан 10 миллион сом чыгымдалып, ага 1100 конок чакырылуусу күтүлүүдө. Инаугурация пандемия шартында өткөнү жаткандыктан тиешелүү иштердин баары кырдаалга жараша жүргүзүлөт.