Базарга да, үйгө да, бийликке да жетишкен аялзаты (видео)

4652

Майрам алдында чыныгы аялзаты жөнүндө сөз кылгыбыз келди. Тээ илгертен бери эле кыргыз элинде кыз-келиндерге өзгөчө сый мамиле жасалган. Аялдар назик болуп, жарынын жакасын агартып, күйөөсүнө туура кеп-кеңешин берип келишкен. Бекеринен аял үйдүн куту деп айтылбаса керек. Үй-бүлөнүн коломтосун өчүрбөй сактап келгендер ошолор.

Журналист Айбек Бийбосунов көп бала төрөгөн энелер, балдарын эрезеге жеткиргенден кийин дагы алардын келечегин ойлоп, базарда маңдай тери менен иштеп акча тапкан апалар, толгоо тартып наристени жарык дүйнөгө алып келип коомго, бүтүндөй бир үй-бүлөгө, жолдошуна кубаныч тартуулаган кыз-келиндер аркылуу аялзатынын оор түйшүгүн көрсөтүүгө аракет кылган.