Бишкекте электромобиль айдоочуларына шарт түзүлүүдө (видео)

2505

Бишкек шаарында электромобилдерди кубаттоочу 10 жай ачылды. Мындай станциялар азырынча гипермаркеттердин, соода борборлорунун алдындагы унаа токтотуучу жерлерге жайгаштырылууда. Электр унааларын тез кубаттоочу бул жабдыктар үчүн учурда суроо талап жогорулап жатат.

Себеби барган сайын күйүүчү майлоочу каражаттар улам кымбаттагынан, мүмкүнчүлүгү бар жарандар жөнөкөй унаалардан баш тартып, электромобилдерди сатып алышууда. Мунай ташуучулар жакын арада бензин менен солярка дагы 5-6 сомго кымбаттайт деп билдирүүдө. Учурда экология көйгөйү дагы курч турат. Электромобилдер бул маселелерди чече алабы?