Садыр Жапаров эртең расмий түрдө ишке киришет (видео)

1360

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров эртең расмий түрдө ишке киришет. Буга байланыштуу инагурациянын акыркы даярдыктары көрүлүүдө. Иш-чара телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Каалагандар үчүн борбордук аянтка келип көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Ал үчүн Манастын айкелинин астына чоң экран орнотулду. Расмий бөлүк Улуттук филармонияда өтүп, мамлекет башчысы ант берип, ага мамлекеттик атрибуттар тапшырылат. Андан кийин аскердик жүрүштү кабыл алат. Бул маанилүү салтанатка даярдыктар кандай?