Сотторду эми эл шайлайбы? (видео)

1932

Кыргызстанда судьялар түз шайланышы мүмкүн. Мындай демилгени Конституциялык кеңешменин айрым өкүлдөрү көтөрүп, аны Баш мыйзамдын жаңы редакциясына киргизүү аракеттери көрүлүп жатыптыр. Буга жер-жерлерди кыдырууда жергиликтүүлөрдөн түшкөн сунуштар негиз болгон.

Мындан тышкары, 11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоолор кайсы Баш мыйзам менен өтөт деген суроолор арбын болууда. Буга Боршайкомдун өкүлдөрү да так жооп бере албай турган убагы. Конституциянын жаңы долбоору толугу менен качан иштелип бүтүп, Жогорку Кеңеште карала баштайт?