Депутаттар үйлөрүнөн келе калышты (видео)

2436

Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун коронавируска байланыштуу айрым аймактарга өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу чечимдерин толук колдоду. Кезексиз жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү өкмөткө бир топ сунуштарын бергенге да жетишишти.

Ошондой эле, депутаттар өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында жаңы типтеги вирус тууралуу түшүндүрүү жүргүзүү мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартышты.