2-мартта өткөн митингге байланыштуу «массалык башамаландык» жана «бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү» боюнча кылмышка шектелген 4 адам камакка алынды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев да бар. Мурдагы эл өкүлү 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Аны менен катар эле, Жапаровду колдоо элдик кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева да кармалганы белгилүү болду. Мындан тышкары, митингден кийин Жогорку Кеңештин кызматкерлерине атырылып, аларга кол көтөргөн 2 аял табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалды.