Президент саясий абал тууралуу сүйлөдү (видео)

4192

Шайлоону 9 пайыздык босого менен өткөрүүгө саясий күчтөр даяр эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышууга келгенде айтты. Шайлоо босогосун 5 жана 3 пайызга түшүрүүнү көздөгөндөрдүн арасында жаштарды бетке кармап, өз камылгасын көргөндөр бар дейт мамлекет башчы.

Ал эми 7 пайыздык чек башка варианттарга салыштырмалуу сыноодон өткөн. Азыркы тапта парламентте шайлоо босогосуна байланыштуу бир нече мыйзам долбоору талкууланууда. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков депутаттарды шайлоо алдында популисттик билдирүү жасап упай топтоонун ордуна, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн күчөтүүгө чакырды.