Баткен “өзгөчө” статуска ээ болсо, кандай артыкчылыктар берилет? (видео)

1682

Баткен областына өзгөчө статус берилсе, аймактын өзүнүн бюджети болот. Муну менен дубан республикалык бюджетке көз каранды болбой калат. Ошондой эле, областта аксакалдардан, жаштардан куралган Координациялык кеңеш түзүлөт. Мындан тышкары, аймактын өзүнүн өнүктүрүү фонду ачылат.

Баткен областына өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып коомдук талкууга чыгарылды. Жооптуу катары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги көрсөтүлгөн. Баткен областы өзгөчө статуска ээ болсо, дагы кандай артыкчылыктар берилет?