“Кызыл зонага” кирген Бишкекте кандай чектөөлөр кириши мүмкүн? (видео)

1963

Борбордо эпидемиологиялык кырдаалдын курчушунан улам Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Тиешелүү министрликтин маалыматына караганда эпид.абал боюнча Кыргызстан атайын аймактарга бөлүнүп, борбор калаа «кызыл» болсо, Чүй областы «сары» аймакка кирди. Калган алты аймак азырынча «жашыл зонада» деп эсептелүүдө.

Мэрия 55 жаштан өткөн жарандарга жана тобокелдик тобуна киргендерди үйүндө болууну сунуштоодо. Ошондой эле, илдет менен күрөшүү үчүн ооруканаларда кошумча орундар даярдалууда. Бишкек шаарынын “кызыл зонага” кирүүсү менен кандай аракеттер көрүлүп же чектөөлөр кириши мүмкүн?