Садыр Жапаров: Бизнести криминалдан коргойбуз (видео)

2851

Кыргызстанда жумушсуздук күч алды. Ар бир бешинчи адам жакырчылыктын жеткен чегинде жашайт. Мындай маалымат эл аралык уюм тарабынан таратылды. Анда ишкерлик жаатындагы кыйынчылыктар айрыкча кен иштетүү кооптуу болуп калганы айтылат. Акыркы окуялардан кийин өлкөгө келе турган инвестиция дагы кыскарганы байкалган. Мунун кесепетинен жакын арада жумушсуздардын саны дагы өсүшү күтүлүүдө.

Ал арада президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумун өткөрүп, ишкерлердин көйгөйүн укту. Алар негизсиз текшерүүлөрдөн, иш баштала электе аткаминерлердин акча сураган учурларынан тажаганын билдиришти.