Жумалык (10.02.20 – 16.02.20) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1207

Өкмөт кадрдан өксүп жатабы? Жетекчилердин бат-баттан алмашканынын себеби эмнеде? Отставка артынан отставкалар уланып, өкмөт башчы менен парламент кадр тандоо менен гана алектенип калды. Бирок аткаруу бийлигинде жаңы жүздөр жок. Кадрлардын орун алмашуусунан сапат өзгөрөбү?

Чоң саясатка жол жергиликтүү кеңештен башталат. Шаарларда шайлоого даярдыктар катуу жүрүп жатат, бирок ыплас жолдор менен. Бир үйгө 500гө жакын адам каттоого турууда. Мандат үчүн күрөш калаа тургундарынын санын көбөйттү. Бирок муну ооздуктаганга эч кимдин алы келбей жатат. Жергиликтүү кеңештерге ушундай ыкмалар колдонулса, парламенттик шайлоодо кандай амал ойлоп табышат? Кесепеттерине ким жооп берет?

1 миллион 600 миң доллар пара алган 8 адам. Алкымы чоң аткаминерлердин рейтинги. Сап башын Транспорт министрлигинин жетекчилери бербей келет.

Кыргызстанда ишкерлер ирденбей жатат. Бизнесмендерди фискалдык органдар менен криминал кысымга алып, чет өлкөлүк инвесторлорду үркүтүүдө. Ишкерлерге бут тоскондорду ооздуктоону президент өзү көзөмөлдөмөй болду.