Жумалык: Ишкерлер — мамлекет менен криминалга бирдей салык төлөйбүз (видео)

1178

Чындыгында эле ишкерлик тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт. Муну камсыз кылууда аткаминерлердин ролу чоң. Бирок бизде мамлекеттик кызматкерлер бизнесмендердин эмгегин өздөрүнүн отчетторуна кооздоп жазып, алар курган ишканаларга барып тасма кесип ачкан жагынан кыйын да. Ал эми шарт түзүп берүүгө же коргоого келгенде акча үмтөтүп, ишкерлердин айласын кетирүүдө. Ушундай алкымы чоң аткаминерлердин айынан ишкерлер көмүскөгө кирип же такыр эле өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатышат.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, азыр бизнесмендердин 40 пайызы жашынып иштешет экен. Текшерүүчү органдардан качкан ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтордун кылтагына илинүүдө. Криминалдардын негизги каржы булагы бизнесмендер экени ачык эле айтылып жүрөт. Айрым ишкерлер күч органдарынын текшерүүсүнөн тажап, так ушул уюшкан кылмыштуу топторго калка издеп өздөрү кайрылышат экен. Кыргызстанда эмнеге ишкерлерге жагымдуу шарт түзүлбөй жатат? Бизнесмендерди таптакыр көзөмөлсүз калтыруу опурталдуу эмеспи? Сырттан келген инвестициянын канча пайызы кайра артка кетүүдө?