Камчы Көлбаев камактан бошотулабы? (видео)

4397

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Кеңешбек Дүйшөбаев 15-октябрда ошол убакта мамлекет башчы болуп турган Сооронбай Жээнбеков тарабынан Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалып, бирок 12 күндөн кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна коопсуздук кызматынын генерал-майору, 60 жаштагы Рыскелди Мусаев келгени маалым болду.

Ал эми отставкага кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп бийликке карата сын пикирлерди айтты. Анын пикиринде, Матраимов менен Көлбаевди кармоо театралдаштырылган шоу болгон. “Мыйзамдагы ууру” аталган Көлбаев эркиндикке чыгат. Анткени бийлик криминалдар менен сүйлөшүп алган, деди Дүйшөбаев. Бул билдирүүгө УКМК дароо жооп кайтарып, Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысынын айткандарын четке какты.