Сапар Исаков каякта качып жүрөт? (видео)

4921

Мурдагы өкмөт жетекчиси Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов КМШ өлкөлөрүнөн изделет. Жаза аткаруу кызматы мурдагы аткаминерлерге карата Мамлекеттер аралык издөө жарыяланганын кабарлады. Алар кармала турган болсо учурдагы жаза мөөнөтүнө дагы 5 жыл кошулушу мүмкүн экен.

Ал арада айрым серепчилер экс-аткаминерлерди жакынкы өлкөлөрдөн издөөдөн майнап чыкпай турганын билдиришүүдө. Айтымдарында, ишти Интерпол аркылуу колго алуу керек. Анан да алар барган жеринен саясий башпаанек сурай турган болсо, иш бир топко кыйындайт, дешет талдоочулар. Түзөтүү жайларына кайтпай жаткандар кармалабы?