Акыйкатчы Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо кеңешин түздү

8858

Акыйкатчы Токон Мамытов Аскер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин укугун коргоо кеңешин түздү. Анын негизинде укук тартибин коргоо тармагында иштеген ардагерлерден турган орган Акыйкатчыга кеңеш, маалымат берип турат. Жаңы түзүлгөн коомдук кеңештин курамына 22 адам кирген.

Жоокерлердин укугун сотто коргоп келе жаткан “Кылым шамы” уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан.

Алардын өз жанын өзү кыйганы да айтылган. Айрымдарынын ата-энелери аскер бөлүктөрү менен соттошуп келе жаткандары бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.