Насирбек Алмаматов качып, океандын ары жагына өтүп кеткенби? (видео)

3962

Коррупцияга айыпталган экс-чиновник Насирбек Алмаматовду Интерпол аркылуу да издөө керек. Бир катар депутаттар аны издөөнүн аянтын кеңейтүү зарылдыгын айтышууда.

Өткөн аптада автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Насырбек Алмаматовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Бирок анда ал КМШга кирген 10 өлкөнүн ичинен гана изделиши керек болуп калат. Айрым маалыматтарга караганда, Алмаматов океандын ары жагына өтүп кеткен.