НТС

Жол эрежелерин бузган айдоочуларга кандай чара көрүлөт? (видео)

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи күнүн унаа башкаргандар кантип өткөрдү? Видеокамералар илинген көчөлөрдө айдоочулар жол эрежесин сактап, абайлап калганын байкоого болот. Ал эми көзөмөл жабдыктары орнотоло элек участоктордо айдоочулар баягыдай эле ээн баштыгын көрсөтүүдө. Жол эреже бузууларды жайгаштырган порталга саатына минге жакын адам киргендиктен, сайттын иши үзгүлтүккө учурап жатты.

Борбор калаада канча айдоочу жол эрежесин бузганы азырынча белгисиз. Адистер 3 күндөн кийин толук маалымат берилет дешет. Жол эрежесин бузгандар ушул бешинчи күндөн тарта айып пул тууралуу билдирме ала баштайт. Штраф 30 күндүн ичинде төлөнбөсө, туум кошула берет.