Дордойдогу сатуучулар эмнеге нааразы? (видео)

1257

Мыйзамсыз ишкердик менен алектенген чет элдик жарандардын ишине бөгөт коюлбаса, өлкөнүн жеңил-өнөр жай тармагында эмгектенгендер банкротко учурайт. “Дордой” базарынын соодагерлери чогулуп, нааразычылыктарын билдиришти.

Айтымдарында, чет элдик ишкерлер Кыргызстанда чыгарылган кийимдердин моделин уруксатсыз алып, сапатсыз кийим тигип, арзан баада башка өлкөлөргө жиберишүүдө. “Дордой” базарынын сатуучулары эгерде мындай көрүнүш токтобосо, анда чет өлкөлүк жарандарга карата өздөрү чара көрүүгө мажбур экенин эскертишүүдө.