Жумуртка дагы кымбаттайбы? (видео)

1756

Соода дүкөндөрүндө, базарларда айрым азыктардын баасы күн санап өсүп жатканы байкалууда. Мисалы 10 даана жумуртка акыркы бир ай ичинде 40 сомго көтөрүлүп, 120 сомго чыкты. Алдын-ала маалыматтарга караганда, буга жумуртка өндүргөн ишканалар ич ара сүйлөшүп алып, борбордогу ири соода дүкөндөрүнө аталган азыкты атайын ташыбай, баасын көтөрүп жатканы негиз болуп жатыптыр.

Бирок алардын өкүлдөрү бул карандай калп экенин белгилешүүдө. Азыктын наркынын көтөрүлүп кетишине сомдун арзандашы, жем-чөптүн кымбатташы себеп дешет алар. А түгүл, анын баасы жакында дагы 20 сомго көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилешүүдө.